Monday, 17 January 2022, 02:03:02 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА АНКАСАМ конференциясына катышты

2021-жылдын 6-ноябрында ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары Түрк тилдүү мамлекеттердин жана АКШ, Бельгия, Грузия, Венгрия, Индия, Кытай, Пакистан, Россия, Украина жана Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн мамлекеттик жана коомдук ишмерлеринин, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык миссиялардын, академиялык коомчулуктардын өкүлдөрүнүн катышуусунда, Анкара кризистик кырдаалдарды жана саясатты изилдөө борбору (АНКАСАМ) тарабынан өткөрүлгөн “Глобалдык күч күрөшүнүн көлөкөсүндө интеграцияны издөө жана Түрк дүйнөсү” онлайн конференциясына катышты.

Иш-чаранын алкагында “Жаңы чоң оюн жана Түрк дүйнөсү: коркунучтар жана мүмкүнчүлүктөр”, “Түрк дүйнөсүндөгү кызматташтыкты издөө”, “Евразиядагы кызматташтыкты издөө”, “Түрк дүйнөсү жана регионалдык-глобалдык акторлор” жана “Түрк дүйнөсүндөгү интеграциялык процесстин келечеги” деген темалар боюнча беш сессия өткөрүлдү.

Конференциянын ачылыш аземинде АНКАСАМдын Президенти профессор Мехмет Сейфеттин Эрол мырза, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы профессор Дүйсен Касеинов мырза, ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары Талгат Адуов мырза, Эл аралык Түрк Академиясынын Вице-президенти Физули Межидли мырза жана Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык мамилелер институтунун проректору Гүлшат Юсупова айым сөз сүйлөштү.

Адуов мырза иш-чаранын катышуучулары менен саламдашып, Азербайжанды жана башка Түрк тилдүү мамлекеттерди Экинчи Карабак согушундагы Жеңиштин бир жылдыгы менен куттуктады. Ал ошондой эле Түрк дүйнөсүнүн өнүгүү перспективаларын жана Түрк мамлекеттеринин кызматташуусу боюнча интеграциялык долбоорлорду талкуулады.

Катышуучулар заманбап замандын көйгөйлөрүн, тобокелдиктерин жана чакырыктарын талкуулашып, өздөрүнүн иш чөйрөсүнө жана тажрыйбасына негизделген тиешелүү чечимдерди жана кызматташуунун ыкмаларын сунушташты. Алар регионалдык жана глобалдык коопсуздук чакырыктарын чечүүдө мамлекеттердин тынчтык аракеттеринин маанисин белгилешти. Катышуучулар ошондой эле Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти – Eлбасы Нурсултан Назарбаевдин Түрк элдеринин биримдигине жана Түрк дүйнөсүндөгү интеграциялык процесстерге кошкон салымын жана ролун баса белгилешти.

Учурдагы ТҮРКПАга Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы
Алдыдагы иш чаралар