Monday, 17 January 2022, 01:34:19 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА Азербайжандын Инвестиция жана маданият саммитине катышты

2021-жылдын 27-28-октябрында Баку шаарында ТҮРКПАнын Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын катчысы Кундуз Рустембекова Азербайжан Республикасынын Экономика министрлигинин жана Маданият министрлигинин колдоосу менен Азербайжан Республикасынын Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү агенттиги (ЧОБӨА) жана Ислам Кызматташтык Жаштар Форуму (ИКЖФ) менен биргеликте уюштурган Азербайжандын Инвестиция жана маданият саммитине катышты. Көрүнүктүү азербайжан акыны жана ойчул Низами Гянжевинин 880 жылдыгына арналган эки күндүк иш-чарага 20дан ашык өлкөдөн министрлер, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун, бизнестин, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү жана инвесторлор катышты.

Ачылыш аземинде Азербайжан Республикасынын Экономика министри Микайил Жаббаров, Азербайжандын Жаштар жана спорт министри Фарид Гайыбов, Түркиянын Президенттигинин Финансы бөлүмүнүн башчысы Гөксел Ашан, Түркиянын Президенттик аппаратынын финансы бөлүмүнүн башчысы Гөксел Ашан мырза, Түркия Республикасынын Президентинин Инвестициялар башкармалыгынын башчысы Бурак Даглыоглу мырза, Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын президенти Билал Эрдоган мырза, Азербайжан Республикасынын Ишкерлер уюмдарынын улуттук конфедерациясынын Президенти Мамед Мусаев мырза, Түркия Республикасынын Өнөр жай жана технология министринин орун басары Четин Али Дөнмез мырза, Ислам тарыхын, искусствосун жана маданиятын изилдөө борборунун Башкы катчысы Махмут Эрол Кылыч мырза, ЧОБӨА Башкармасынын Төрагасы Орхан Мамедов жана ИКЖФ президенти Таха Айхан мырза сөз сүйлөдү.

Саммиттин күн тартибинде Карабакка инвестицияларды тартуу, пандемиядан кийинки мезгилде экономиканы калыбына келтирүү үчүн стартап экосистемасы, стартап долбоорлоруна инвестициялар жана туруктуу өнүгүүгө жетүүдөгү технологиялык инвестициялардын ролу сыяктуу маселелерге арналган панелдер орун алган.

Учурдагы ТҮРКПАга Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы
Алдыдагы иш чаралар