Monday, 17 January 2022, 02:04:49 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА миссиясы Ташкентте жогорку бийлик өкүлдөрү менен жолугушту

ТҮРКПАнын Эл аралык байкоочулар миссиясы 2021-жылдын 24-октябрында болуп өтө турган Президенттик шайлоого кыска мөөнөттүү мониторинг жүргүзүү үчүн Ташкент шаарына сапар жасады. ТҮРКПАнын Курчап турган чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстары жана ден соолукту коргоо боюнча комиссиясынын төрагасынын курамына парламенттердин өкүлдөрү Агалар Валиев (Азербайжан), Жамиля Нурманбетова (Казакстан), Анвар Артыков, Мухтарбек Айнакулов (Кыргызстан), Шенел Йедийылдыз мырза, Өмер Фетхи Гүрер мырза, Юксел Өзкан мырза жана Яшар Карадаг (Түркия), ошондой эле ТҮРКПА Катчылыгынын дипломатиялык кызматкерлери катышышты.

22-октябрда Миссиянын мүчөлөрү Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Зайниддин Низамхожаев, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрагасынын биринчи орун басары Содик Сафоев жана Эл аралык иштер жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комитеттин жетекчиси Дилором Файзиева менен жолугушту.

Бул жолугушуулардын жүрүшүндө миссия башчысы Шекер мырза миссиянын байкоо программасы жөнүндө маалымат берди. Ал эл аралык байкоочулар үчүн түзүлгөн шарттар үчүн ыраазычылык билдирип, шайлоо Өзбекстандын пайдасына таза, эркин жана ачык-айкын өтөөрүнө ишенерин билдирди.

Миссиянын маектештери ТҮРКПАнын байкоочуларынын президенттик шайлоону көзөмөлдөө процессине катышуусунун ачык-айкын жана демократиялуу шайлоону камсыз кылуу жагынан маанисин баса белгилешти. БШК Төрагасы Миссияга шайлоого даярдык көрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, анын ичинде логистикалык жана техникалык аспектилери жөнүндө маалымат берип, байкоочулардын суроолоруна жооп берди.

Байкоо программасынын алкагында ТҮРКПАнын байкоочулары саясий партиялардын өкүлдөрү менен бир топ жолугушууларды өткөрөт. Миссия шайлоо күнү добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүү үчүн шайлоо участкаларына барат жана андан кийинки күнү байкоонун жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрөт.

Учурдагы ТҮРКПАга Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы
Алдыдагы иш чаралар