Monday, 17 January 2022, 02:57:04 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПАнын Башкы катчысы өз милдеттерин тапшырды

2021-жылдын 15-октябрында ТҮРКПАнын Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов өз милдеттерин жаңы келген Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр мырзага тапшырды. Милдеттерди тапшыруу аземи ТҮРКПАнын Катчылыгында кызматкерлердин катышуусу менен өттү.

Салтанаттын жүрүшүндө Алтынбек Мамаюсупов мырза Мехмет Сүрейя Эр мырзага ТҮРКПАнын желегин тапшырды.

Мехмет Сүрейя Эр мырза 2021-жылдын 28-сентябрында Казакстандын Түркстан шаарында болуп өткөн ТҮРКПАнын Онунчу Пленардык жыйынында ТҮРКПАнын Башкы катчысы болуп шайланган.

Учурдагы ТҮРКПАга Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы
Алдыдагы иш чаралар