Wednesday, 01 December 2021, 14:08:36 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПАнын делегациясы АӨИЧК Тышкы иштер министрлеринин 6-жыйынына катышты

2021-жылдын 11-12-октябрында Нур-Султан шаарында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча Конференциянын (мындан ары - АӨИЧК) Тышкы иштер министрлеринин "Пандемиядан кийинки дүйнөнүн жаңы шарттарында Азиядагы коопсуздук жана туруктуу өнүгүү" деп аталган 6-жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга АӨИЧКга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлери жана Тышкы иштер министрлеринин орун басарлары, АӨИЧКнын байкоочу өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлери жана Тышкы иштер министрлеринин орун басарлары, Казакстан Республикасында аккредитацияланган Элчилери жана элчиликтеринин өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана АӨИЧКнын өнөктөш уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Жыйынга ТҮРКПАнын Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов жетектеген делегациясы да катышты.

Иш-чаранын алдында Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев мырза делегациялардын башчыларын кабыл алды.

Күн тартиби кабыл алынгандан кийин делегациялардын башчылары сөз сүйлөдү. АӨИЧКнын Тышкы иштер министрлеринин 6-жолугушуусунда көптөгөн документтер, анын ичинде укуктук документтерге өзгөртүүлөр жана Жогорку кызмат адамдарынын Комитетинин сунуштамалары кабыл алынды.

АӨИЧКнын Тышкы иштер министрлеринин 6-жыйыны пресс-конференция менен аяктады.

Иш-чаранын алкагында Башкы катчы Түрк мамлекеттеринин делегация башчылары менен жолугушууларды өткөрдү.

ТҮРКПАнын делегациясынын курамына Башкы катчы Алтынбек Мамаюсупов, Башкы катчынын орун басары Талгат Адуов жана Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиянын катчысы Бауыржан Даткаев кирген.

Учурдагы ТҮРКПАга Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы