Wednesday, 01 December 2021, 13:06:06 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча Комиссиянын сегизинчи жыйыны өттү

2021-жылдын 20-сентябрында ТҮРКПА Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча Комиссиянын сегизинчи жыйыны виртуалдуу форматта депутаттардын жана Катчылыктын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү.

"Пандемия абалында ТУРКПАга мүчө өлкөлөрдүн айылдык аймактарындагы социалдык абал" аттуу негизги темага арналган жыйын Комиссиянын Төрагасынын орун басары жана Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин депутаты Низами Жафаров мырзанын төрагалыгынын астында өттү.

Комиссия бул маселе боюнча баяндаманы жана сунуштаманы, ошондой эле 2021-жылдын 27-28-сентябрында Түркстан шаарында, Казакстанда, өтө турган Онунчу Пленардык жыйында карала турган Комиссиянын алкагында иштелип чыккан "Кинематография жөнүндө" жана "Кинематография жана аудиовизуалдык чыгармаларды өндүрүү үчүн чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жөнүндө" моделдик мыйзам долбоорлорун талкуулап жактырды.

Учурдагы ТҮРКПАга Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы