Wednesday, 01 December 2021, 13:30:16 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Экономикалык кызматташуу боюнча Комиссия сегизинчи жыйынын өткөрдү

2021-жылдын 20-сентябрында Экономикалык кызматташуу боюнча Комиссиянын сегизинчи жыйыны виртуалдуу форматта өттү. Иш-чарада Комиссиянын мүчөлөрүнүн жана ТҮРКПА Катчылыгынын өкүлдөрүнүн катышышты.

Жыйында Комиссиянын Төрагасы жана Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин депутаты Амерхан Рахимжанов мырза төрагалыкты тутту. Жолугушуунун негизги темасы “Жашыл экономиканы”, инновацияларды жана санариптештирүүнү мыйзамдык колдоо тажрыйбасы” болду.

Комиссия отчетту жана сунуштарды, ошондой эле 2021-жылдын 27-28-сентябрында Түркстан шаарында, Казакстанда, өтүүчү ТҮРКПАнын онунчу пленардык сессиясына сунуштала турган “Электрондук коммерция жөнүндө” моделдик мыйзамдын долбоорлорун жактырды.

Учурдагы ТҮРКПАга Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы