Wednesday, 01 December 2021, 14:18:25 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА делегациясы “Өзгөн-Мунара-2021” этно-фольклор фестивалына катышты

2021-жылы 17-сентябрында Түркиянын Улуу улуттук жыйынын депутаты Режеп Шекер (ТҮРКПА Айлана чөйрө жана табигый ресурстары боюнча Комиссиясынын Төрагасынын орун басары), Түркиянын Улуу улуттук жыйынын депутаты Сабри Өзтүрк (парламенттер аралык Түркия-Кыргызстан достук группасынын Башчысы) жана Баш катчы Алтынбек Мамаюсупов менен түзүлгөн ТҮРКПА делегациясы Өзгөн шаарында, Кыргызстанда, өткөрүлгөн “Өзгөн-Мунара-2021” эл аралык этно-фольклор фестивалында катышты.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын 30 жылдык эгемендүүлүгүнө арналган жана “Маданият Мунарасы” долбоорунун алкагында өттү. Иш-чаранын программасы акындардын, фольклордук ансамбльдардын, усталардын, улуттук тамактын адистердин катышуусу менен илимий конференцияны, колдонмо чеберчиликтин, жергиликтүү тамак аш жана азык-түлүктүн көргөзмөсүн, күрүч фестивалын, экскурсияларды жана ыйык жерлерге зыярат кылууну, жергиликтүү тарыхы, маданияты жана мурасы менен таанышууну камсыздады.

Фестивалда парламентин депутаттары, мамлекеттик расмий өкүлдөрү, түрк кызматташтык уюмдардын башчылары жана өкүлдөрү катышышты. ТҮРКПА делегациясынын өкүлдөрү Режеп Шекер жана Сабри Өзтүрк Академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технология жана билим институтунда өткөн илимий конференцияда сөз сүйлөштү.

Ушул күндүн кечки программасында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров сөз сүйлөдү. Баш катчы Алтынбек Мамаюсупов ошондой эле кечки программасында сөз айтты.

Фестивалдын уландысы гала-цонцерти менен аяктады.

Учурдагы ТҮРКПАга Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы