Wednesday, 01 December 2021, 13:38:18 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКСОЙдун Туруктуу Кеңешинин 38 -жыйыны Хивада өттү

2021-жылы 16-сентябрда Баш катчы Алтынбек Мамаюсупов Өзбекстандын Хива шаарында өткөн ТҮРКСОЙдун Туруктуу Кеңешинин 38-жыйынында сөз сүйлөдү.

Жолугушуунун алдында “Хива – Түрк дүйнөсүнүн маданият борбору 2020” ачылыш аземи болуп өттү. Иш чарага мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлери, эл аралык уюмдардын жана улуттук академиялык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышышты.

Баш катчы өз сөзүндө терең изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн, кийинки муунга өткөрүп берүүнүн жана түрк маданий мурастарын жайылтуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул контекстте ТҮРКСОЙ 2012-жылдан тартып ишке ашырган "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" долбооруна токтолду. Ал түрк дүйнөсүнүн маалымдуулугун жогорулатуудагы, атап айтканда айрым региондордо мисалы Балкан жана Африка өлкөлөрүндө иш-чараларды уюштуруу аркылуу ТҮРКСОЙдун ролун белгилеп кетти. Мамаюсупов мырза эки уюмдун тыгыз координациясын белгилеп, мүчө өлкөлөрдүн маданий кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган ТҮРКПАнын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Туруктуу Кеңеш бир нече маанилүү чечимдерди кабыл алды. 2020-жылдын түрк дүйнөсүнүн маданият борбору деп Бурса шаары (Түркия) аталды. 2022-жыл Азербайжан композитору Фикрат Амиров менен Кыргыз драматургу Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата, ошондой эле түрк илимпозу жана акыны Сулейман Челебинин өлүмүнүн 600 жылдыгына карата эскерүү жылы деп жарыяланды.

Учурдагы ТҮРКПАга Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы