Wednesday, 01 December 2021, 12:31:42 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Казакстан Парламентинин делегациясы ТҮРКПА Катчылыгына сапар жасады

2021-жылы 13-сентябрда Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрайымы Айгүл Куспан айым жетектеген жана Мажилистин мүчөлөрү Амерхан Рахимжанов мырза (ТҮРКПАнын Экономикалык Кызматташтык боюнча Комиссиясынын Төрагасы), Дархан Мынбай мырза жана Абилфас Хамедов мырзадан турган парламенттик делегация ТҮРКПА Катчылыгына сапар жасагады.

Баш катчы Алтынбек Мамаюсупов келген коноктор менен саламдашып 2021-жылы 27-28-сентябрда Казакстандын Түркстан шаарында өтө турган ТҮРКПАнын Онунчу пленардык жыйынына даярдыктар тууралуу кеңири маалымат берди.

Казакстан парламенти ТҮРКПАга чоң маани берерин белгилеп, Куспан айым уюмдун эффективдүү ишинде Катчылыктын жетекчилигинин ролун айта кетти. Куспан айым Түрк тилдүү мамлекеттердин көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына туш келип жаткан алдыдагы Онунчу пленардык жыйындын маанилүү иш-чара болорун белгиледи. Ал Онунчу юбилейлик пленардык жыйынды Түрк дүйнөсүнүн руханий борбору Түркстанда уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилеп, Ассамблеянын ишмердүүлүгүн мындан ары да колдоого даяр экенин билдирди.

Учурдагы ТҮРКПАга Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы