Sunday, 19 September 2021, 14:56:55 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА Жер ортолук деңизин Парламенттик Ассамблеясынын (ПАМ) айлана-чөйрө боюнча консультативдик жыйынына катышты

2021-жылы 12-июнда ТҮРКПА Баш катчынын орун басары Али Йылдыз жана ТҮРКПА Катчылыктын Айлана-чөйрө жана табигый ресурстар боюнча комиссиясынын катчысы Эмин Гасанов Жер ортолук деңизинин Парламенттик Ассамблеясы (ПАМ) онлайн форматында уюштурган айлана-чөйрөнү коргоо жана климат саясаты боюнча консультативдик жыйынына катышышты.

Жыйынга ПАМ мүчө өлкөлөрдүн парламентарийлери, эл аралык уюмдардын, БУУнун тиешелүү мекемелеринин жана айлана-чөйрөнү коргоо органдарынын өкүлдөрү, жогорку деңгээлдеги эксперттер катышышты.

Иш-чарада ПАМ Президенти Дженнаро Мильоре жана ПАМ Баш катчысы Серджио Пиаццы ачылыш сөздөрүн сүйлөштү. Жолугушууда энергияны туруктуу камсыздоо жана пайдалануу, биотүрдүүлүк жана жаратылышка негизделген чечимдер, урбанизация жана таза мобилдүүлүк, жээктерди туруктуу башкаруу сыяктуу саясат багыттары талкууланды.