Sunday, 19 September 2021, 15:45:18 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА Катчылыгында тегерек столдун алкагында Кыргызстан жөнүндө китептердин бет ачары болуп өттү

2021-жылдын 3-июлунда ТҮРКПА Катчылыгында "Азербайжан жана Кыргыз Республикасы: кызматташтыктын жетишкендиктери жана келечеги" аттуу тегерек столдун алкагында "Кыргыздар" (Азербайжан тилине которулган) китебинин бет ачары болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин башчысынын орун басары Каныбек Иманалиев мырза жазган китеп кыргыз элинин тарыхына, маданиятына жана мурасына арналган.

Ошол эле учурда иш-чаранын жүрүшүндө азербайжан адабиятчысы жана акыны Адил Жамил мырзанын “Манас” китебинин бет ачары болуп өттү.