Sunday, 19 September 2021, 15:33:37 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА Баку шаарындагы КМШ ПАА МИМРД филиалынын семинарына катышты

2021-жылдын 30-июнунда Баш катчынын орун басары Талгат Адуов КМШ ПАА мүчө мамлекеттердин Демократия, парламентаризм жана жарандардын шайлоо укуктарын коргоо көзөмөлдөө боюнча эл аралык институтунун Баку филиалы тарабынан уюштурулган "Сөз эркиндигин камсыз кылууда укуктук жөнгө салуу" семинарына катышты (КМШ ПАА МИМРД).

Иш-чарага парламент депутаттары, Азербайжан БШКнын өкүлдөрү, академиялык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү жана ЖМК катышышты.

Өз сөзүндө Адуов мырза элдин эрки мамлекеттик бийликтин негизин түзөрүн, ал эми шайлоо жана референдумдар ушул эркти билдирүүнүн негизги шаймандарынын бири экендигин белгиледи.

Баш катчынын орун басары мүчө өлкөлөрдөгү ТҮРКПА байкоочулар миссияларынын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди. Кыргыз Республикасында өткөн шайлоолор жана референдумдар учурунда ТҮРКПА жана КМШ ПАА байкоочулар миссияларынын жолугушууларынын маанилүүлүгүн белгилеп, мындай жолугушуулар тажрыйба алмашууга жана эки уюмдун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө болорун айтты.