Sunday, 19 September 2021, 15:24:33 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Түркиянын Маданият жана туризмдин министрдин орун басары Катчылыкка сапары менен келди

2021-жылы 28-июнда Түркия Республикасынын Маданият жана туризмдин министрдин орун басары Ахмет Мисбах Демиржан менен башкарылган делегациясы ТҮРКПА Катчылыгына келип Баш катчы Алтынбек Мамаюсупов менен жолугушту.

Баш катчы коноктор менен саламдашып учурдагы жана келечектеги Ассамблеянын иш-чаралары жөнүндө маалымат берди. Ассамблеянын алкагында жүргүзүлгөн иш чараларды белгилеп, айрыкча түрк тилдүү өлкөлөрдөгү кино жана анимация жөнүндө мыйзамы жана аны жакындаштырууга арналган 2018-чи жана 2020-жылдары өткөрүлгөн Социалдык, маданият жана гуманитардык маселелер боюнча Комиссиянын семинары менен 6-жыйыны, Баш катчы учурдагы пленардык жыйында кабыл алына турган "Кинематография жана аудиовизуалдык өндүрүшкө чет элдик инвестицияларды тартуу" жана "Кинематография" моделдик мыйзамдардын долбоорлорун баса белгиледи.

Тараптар келечек муундарга түрк мурасын жана баалуулугун өткөрүп берүүдө кино, анимация жана мультфильдердин маанилүү ролун белгилешти. Ошондой эле тараптар Ассамблея менен Министрликтин арасындагы келечек кызматташтыкты талкуулап, өз ара кызыкчылыктар жөнүндө пикир алмашышты.