Sunday, 19 September 2021, 14:39:31 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА делегациясы “Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүү үчүн глобалдык парламенттер аралык кызматташтык” аттуу Бухарада өткөн Форумуна катышты

2021-жылы 23-24-июнда ТҮРКПА мүчө-өлкөлөрдүн депутаттарынан жана Катчылыктын өкүлдөрүнөн түзүлгөн ТҮРКПА делегациясы Бухара шаарында, Өзбекстан, “Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүү үчүн глобалдык парламенттер аралык кызматташтык” аттуу Форумуна катышты.

Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёевдин форумга кайрылуусун жолдоду. Сенаттын Төрайымы Танзила Нарбаева, Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын Төрагасы Нурдинжон Исмоилов, Парламенттер аралык Бирлигинин Баш катчысы Мартин Чунгонг, ЕККУ ПАнын Президенти Питер Лорд Боунес, ТҮРКПА Баш катчысы Алтынбек Мамаюсупов, ТҮРКПА мыйзамдык маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын Төрагасы Исмет Учма, АПАнын Баш катчысы Мохаммад Реза Мажиди, БУУнун Өзбекстандагы туруктуу координатору Хелена Фрейзер ачылыш аземинде чыгыш кылышты. БУУнун экономикалык жана социалдык Кеңешинин Төрагасы Акрам Мунир Форумга видео кайрылуу жөнөттү.

Өз сөзүндө Баш катчы Алтынбек Мамаюсупов Өзбекстандын Туруктуу Өнүгүү Максаттарына (ТӨМ) өзгөчө көңүл буруп, айрыкча гендердик маселелер, аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, жакырчылыкты жоюу жана экономикалык өнүгүү маселелерин белгиледи. ТӨМгө жетишүүдө жана жалпы регионду өнүктүрүүдө Өзбекстандын кошкон чоң салымын баса белгилеп, Мамаюсупов мырза Өзбекстандын Ассамблеянын ишмердигинде катышуусу түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары дагы чыңдай тургандыгын билдирди.

Парламенттердин жана парламенттер аралык кызматташтыктын ТӨМгө жетишүүдөгү ролу жөнүндө айтып, ушул алкакта башка эл аралык уюмдар менен кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Реджеп Шекер жана Осман Местен мырзалар “Түркиянын улуттук өнүгүү стратегиясынын контекстинде саламаттык сактоо трансформациясынын моделдери” жана “Жаштар парламенти. Түркиянын тажрыйбасы” аталыштагы сессияларда чыгыш кылышты.

Форум Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлиси, министрлер кабинети, Экономикалык өнүгүү жана жакырчылыкты азайтуу министрлиги жана БУУнун Өзбекстандагы агенттиктери менен биргелешип уюштурулган. Иш-чарага парламенттердин башчылары жана мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү, эксперттер катышышты.

Форумдагы талкуулар парламенттердин ТӨМ программаларын натыйжалуу ишке ашырууну камсыздоодогу ролу, аны каржылоо, статистикалык көрсөткүчтөрдү түзүү, жарандык коом институттарынын жана коомчулуктун катышуусу, парламенттик көзөмөл жана баалоо, ошондой эле бул багытта парламенттердин глобалдык өнөктөштүгүнө арналды.