Sunday, 19 September 2021, 16:15:31 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА делегациясы Өзбекстан Парламентинин Сенатынын Төрайымы менен жолугушту

2021-жылы 24-июнда Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлистин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева “Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүү үчүн глобалдык парламенттер аралык кызматташтык” аттуу эл аралык форумуна катышып жаткан ТҮРКПА делегациясын кабыл алды.

Төрайым Өзбекстандын түрк тилдүү мамлекеттер менен мамилелерди чыңдоого, айрыкча саясый, экономикалык, маданий жана туризм менен спорт сыяктуу башка артыкчылыктуу тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берээрин баса белгиледи.

Делегация жылуу кабыл алынганына жана форумду жогорку деңгээлде уюштурулганына ыраазычылыгын билдирип, жана ушундай иш-чаралар парламенттер аралык кызматташтыкты илгерилетүүгө, ошондой эле өлкөнүн мурасы менен маданиятын жайылтууга жана глобалдык денгээлде көрсөтүүсүнө чоң салымын кошоорун белгиледи.

Тараптар Өзбекстандын Ассамблеяга кириши маселелерин талкуулашты.