Monday, 17 January 2022, 01:41:26 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА менен ПАМ биргелешип виртуалдык парламенттик жыйынды өткөрүштү

2021-жылы 3-мартта ТҮРКПА жана Жер ортолук деңизинин Парламенттик Ассамблеясы биргелешип “Экономиканы туруктуу калыбына келтирүү калыптандыруудагы региондор аралык кызматташтык” аттуу виртуалдык парламенттик жыйынды уюштурушту.

Эки ассамблеянын биринчи биргелешкен иш-чарасы аталган жыйындын COVID-19 пандемиясы жана анын шартында колдонулган чектөө чаралары терс таасирин тийгизген региондордо экономиканы калыбына келтирүүнү тездетүү максатында саясат жана мыйзам чыгаруу стратегияларын алмашууга багытталган.

Жыйынга ТҮРКПА жана ПАМ мүчө-өлкөлөрдүн депутаттары жана парламенттер аралык уюмдардын өкүлдөрү 80-ден ашык катышуучулар катышышты. Ошондой эле, аталган иш чарага Европа инвестициялык банк (EIB), Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюм (OECD), БУУ качкындар боюнча комиссарлыгы (UNHCR), БУУ Өнөр жай өнүгүү уюм (UNIDO) сыяктуу региондук жана эл-аралык жогорку деңгээлдеги эксперттер жана жеке сектордун өкүлдөрү катышышты.

Катышуучулар фискалдык жана акча-каражаттык саясат, туруктуу өнүгүү жана жашыл экономиканы калыбына келтирүү, санариптештирүү жана эмдөө жөнүндө сөз сүйлөп, доклад жасап, пикир алмашышты.

Виртуалдык жолугушуунун уландысы катары 2021-жылы октябрь айында экономиканы калыбына келтирүү боюнча конференцияны өткөрүү пландаштырылууда.

Учурдагы ТҮРКПАга Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы
Алдыдагы иш чаралар