Saturday, 17 April 2021, 00:48:06 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА Түрк тилдүү өлкөлөрдүн эгемендигинин 30 жылдыгына карата арналган семинарга катышты

2021-жылы 24 февралда Башкы катчынын орун басары Али Йылдыз Эл аралык Түрк Академиясы жана Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин стратегиялык изилдөө борбору биргелешип уюштурулган “Түрк өлкөлөрдүн 30 жылдык эгемендиги: өткөн, азыркы жана келечек учур” деп аталган онлайн семинарда сөз сүйлөдү.

Белгиленген иш-чарага Тышкы иштер министринин орун басары Явуз Кыран мырза, Түрк кызматташтык уюмдардын жана академиялык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышышты. Катышуучулар түрк тилдүү өлкөлөрдүн акыркы өткөн 30 жылдагы ийгиликтерин жана татыктуу жетишкендиктерин белгилешти, өлкөлөрдүн ортосундагы мындан аркы кызматташуу келечеги жөнүндө, айрыкча илим жана билим жаатында ой пикирлер менен алмашышты.

Йылдыз мырза акыркы 30 жылдын ичинде түрк тилдүү өлкөлөрдүн эки жана көп тараптуу кызматташуусу өнүгүп жаткандыгын билдирип жана ушул алкагында саясий, социалдык-экономикалык менен маданий байланыштарды чыңдоого Түрк кызматташтык уюмдардын орчундуу ролун баса белгиледи. Ал мындай кызматташуу региондогу туруктуу өнүгүүгө, тынчтыкка жана коопсуздукка салым кошуп жаткандыгын белгиледи. Йылдыз мырза катышуучуларга Ассамблеянын алкагында билим жана илим жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле түрк тилдүү өлкөлөрдүн 30 жылдык эгемендигине арналган иш-чаралар жөнүндө маалымат берди.