Friday, 16 April 2021, 23:48:04 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА Эл аралык Түрк тили (тилдери) күнүнө арналган жыйынга катышты

2021-жылдын 10-февралында Башкы катчынын орун басары Али Йылдыз Түркиянын ЮНЕСКО боюнча Улуттук Комиссиясы тарабынан уюштурулган Эл аралык Түрк тили (тилдери) күнүнүн сунушу боюнча онлайн консультациялык жыйынына катышты.

Жыйынга Түрк тилдүү өлкөлөрдүн ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссияларынын, Түрк кызматташтык уюмдарынын, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын, ошондой эле Түркиянын министрликтеринин жана ар кандай мекемелеринин өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар Түрк тилдеринин эл аралык күнүн жарыялоо жөнүндө резолюциянын долбоорун ЮНЕСКОго сунуштоо боюнча пикир алмашып, бул күндү майрамдоо Түрк элдеринин маданиятын жана баалуулуктарын жайылтууга, Түрк дүйнөсүнүн таанылышын жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Өз кезегинде Йылдыз мырза бул демилгени жогору баалап, мүчө өлкөлөрдүн парламентарийлерин жана адистештирилген эксперттерин чогулта турган жолугушууда маселенин ар кандай жактарын талкуулоого даяр экендигин белгиледи. Ал белгилегендей, Ассамблея ЮНЕСКОнун алкагындагы иш-аракеттерди парламенттик дипломатиянын механизмдери аркылуу колдойт.