Friday, 16 April 2021, 23:28:05 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Түрк кызматташтык уюмдардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын министри менен жолугушушту

2021-жылы 29-январда Башкы катчы Алтынбек Мамаюсупов Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түрк кызматташтык уюмдардын жетекчилери менен биргелешкен жолугушууга катышты.

Министр өлкөдөгү болуп жаткан саясий абалын жана жүрүшүүлөр жөнүндө маалымдады, ошондой эле түрк кызматташтык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин Садыр Жапаровдун инаугурация аземине катышкандыгы жана колдонгондугу үчүн ыраазычылыгын билдирди. Казакбаев мырза түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерди чыңдоо жаатында уюмдар жүргүзүп жаткан жигердүү ишти жогору баалады.

Өз кезегинде уюмдардын жетекчилери мындан ары туруктуу өнүгүү программаларын, социалдык жана институционалдык реформаларды ишке ашыруусуна салым кошууга даяр экендигин билдиришти.

Ошондой эле тараптар түрк кызматташтык уюмдарынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.