Saturday, 17 April 2021, 00:45:53 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Башкы катчы Кыргыз Республикасынын Президентинин инаугурация аземине жана эл аралык уюмдардын башчылары менен биргелешкен жолугушуна катышты

2021-жылы 28-январда Башкы катчы Алтынбек Мамаюсупов Бишкек шаарында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин Садыр Жапаровдун инаугурация аземине катышты.

Ошондой эле Башкы катчы Кыргыз Республикасынын Президенти эл аралык уюмдардын башчылары менен биргелешкен жолугушуна катышты.

Кыргызстандын Президенти мындан ары өлкө эл аралык өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу кызматташууну улантуусун ырастады. Кыргыз Республикасы эки жана көп тараптуу келишимдерге ылайык бардык эл аралык милдеттенмелерин аткарып жатат жана аткарат деп белгиледи.

Президент Түрк кызматташтык уюмдары менен жемиштүү жана узак мөөнөттүү кызматташууну улантууга үмүтүн билдирди жана өлкөнүн мүчө мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоого салым кошуу ниетин билдирди.

Эл аралык уюмдардын башчылары Президентти расмий түрүндө кызматына кириши менен куттуктап жана ишине ийгилик каалашты.