Saturday, 17 April 2021, 00:41:27 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Башкы катчы “Түрк дүйнөсү: тарыхый жана маданий мурасы” конференциясына катышты

2021-жылы 8-январда Башкы катчы Алтынбек Мамаюсупов Нур-Султан шаарында Түрк Академиясы уюштурган “Түрк дүйнөсү: тарыхый жана маданий мурасы” эл аралык конференциясында сөз сүйлөдү. Иш-чарага Казакстан парламентинин өкүлдөрү, элчилер, түрк тилдүү мамлекеттердин Илимдер академиялардын жетекчилери, коомдук ишмерлер, ошондой эле академиялык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышышты.

Конференциянын жүрүшүндө элдерибиздин эбегейсиз зор маданий мурасын чагылдырган жана белгилүү саякатчылар тарабынан түзүлгөн 200дөн ашуу тарыхый карталарды камтыган Түрк дүйнөсүнүн Атласы көрсөтүлгөн.

Өз сөзүндө Башкы катчы түрк элинин дүйнөлүк маданиятка жана илимге чоң салымын белгилеп кетти. Мамаюсупов мырза түрк тилдүү мамлекеттердин арасындагы кызматташтыктын региондогу тынчтыкка жана туруктуулукка салым кошуу контекстинде өзгөчө глобалдык кыйынчылыктарга туш болгон жана диалог менен өз ара аракеттенүүнү өзгөчө баса белгиледи. Ушул кызматташтык жүрүшүндө алдыңкы эл аралык жана аймактык уюмдар менен коллаборациясында ТҮРКПАнын ролу белгиленди.

Башкы катчы ошондой эле түрк тилдүү өлкөлөрдүн этникалык, маданий, конфессиялык жана тилдин ар түрдүүлүккө негизделген тынчтыктын жана ынтымактын абалына көңүл буруп, Казакстандын тынчтыкта жашоосунун уникалдуу моделин белгиледи.