Saturday, 17 April 2021, 00:37:37 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА менен Жер ортолук деңизинин Парламенттик Ассамблеясы өз ара түшүнүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту

2020-жылы 16-декабрда ТҮРКПАнын Баш катчысы Алтынбек Мамаюсупов жана Жер ортолук деңизинин Парламенттик Ассамблеясынын (ПАМ) Баш катчысы Серджио Пиаццы мырза эки уюмдун ортосундагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Тараптар эки уюмдун ортосундагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн белгилешти жана туруктуу маалымат алмашууга, консультацияларды өткөрүүгө, мүмкүн болгон биргелешкен иш-чараларды жүргүзүүгө аталган меморандумдун өбөлгө болоорун жана маанилүүлүгүн баса билдиришти.

ТҮРКПА менен ПАМдын ортосундагы кызматташтык коопсуздук жана терроризмге каршы күрөш, соода жана инвестиция, туруктуу өнүгүү, акыйкат башкаруу жана мыйзамдын үстөмдүгү, маданий жана социалдык иштер, айлана-чөйрөнү коргоо, ошондой эле кризистик кырдаалды жөнгө салуу жана COVID-19 пандемиясына каршы туруу сыяктуу өз ара кызыкчылык тармактарды камтыйт.