Friday, 16 April 2021, 23:57:48 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Монголиянын Элчиси ТҮРКПА Катчылыгына сапар кылды

2020-жылы 9-декабрда Баш катчы Алтынбек Мамаюсупов Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында Монголиянын Азербайжан Республикасындагы Элчиси (резидент эмес) Болд Равдан мырза менен жолугушту.

Баш катчы түрк тилдүү мамлекеттер Монголия менен жалпы цивилизациялык, маданий жана тарыхый мурастарды бөлүшкөндүгүнө жана тараптардын мамилесине өзгөчө маани беришерин белгиледи. Баш катчы Элчиге Ассамблеянын тарыхы, миссиясы, милдеттери жана максаттары, ошондой эле анын учурдагы жана келечектеги иш-аракеттери жөнүндө маалымат берди.

Өз кезегинде Равдан мырза Монголиянын Түрк институционалдык кызматташтыгына жана биринчи кезекте ТҮРКПА менен мамилелерди түзүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Тараптар келечектеги кызматташтыктын тармактары боюнча пикир алмашышты.