Saturday, 17 April 2021, 01:33:17 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Баш катчыны кабыл алды

2020-жылы 27-ноябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Баш катчы Алтынбек Мамаюсуповду кабыл алды.

Баш катчы Казакбаев мырзаны Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин кызматына даярдалганы менен куттуктады. Баш катчы министрге ТҮРКПАнын ишмердүүлүгү жана анын түрк кызматташтык институттары менен өз ара аракети, айрыкча COVID-19 пандемиясынын шартында Ассамблея тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер жана анын келечектеги иш-аракеттери жөнүндө маалымдады.

Өз кезегинде министр Кыргыз Республикасындагы учурдагы кырдаал жана конституциялык реформалар жөнүндө маалымат берип, өлкөдөгү процесстер Конституциянын чегинде жүрүп жаткандыгын белгиледи.

Ошондой эле тараптар 2021-жылы 10-январда Кыргыз Республикасында өтө турган президенттик шайлоонун мониторингине ТҮРКПАнын шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясынын катышуусу боюнча пикир алмашышты.

Казакбаев мырза Ассамблеянын ишмердүүлүгүн мындан ары колдоого даяр экендигин билдирди.