Saturday, 17 April 2021, 01:13:20 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Баш катчы Казакстан Республикасынын Биринчи Президентинин күнүнө арналган парламенттик конференцияда сөз сүйлөдү

2020-жылы 26-ноябрда Баш катчы Алтынбек Мамаюсупов Казакстан Республикасынын Биринчи Президентинин күнүнө арналган онлайн форматта өткөн эл аралык парламенттик конференцияда сөз сүйлөдү. “Казакстанда парламентаризмдин түзүлүшүндө жана өнүгүшүндө Эл башы Нурсултан Назарбаевдин ролу” деп аталган конференцияга Түркия, Өзбекстан, Россия, Италия, Чехия Республикасынын, Вьетнам жана Европа парламенттердин башчылары жана депутаттары катышышты.

Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин мырза ачылыш сөзүн сүйлөдү. Нигматулин мырза Казакстандын эгемендүүлүгүнүн ар бир этабында Эл башынын маанилүү ролун белгиледи. Ал Казакстандын Биринчи Президенти парламентаризмдин казакстандык моделинин пайдубалын түптөгөндүгүн белгилеп, жана ушул жагдайда Биринчи Президенттин реформалары парламентаризмдин эволюциясына түрткү болгонуна маанилүүлүгүн белгиледи.

Катышуучулар Нурсултан Назарбаевдин мамлекеттүүлүктү орнотууда жана чыңдоодо, ошондой эле өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүндө орчундуу ролун билдирип жана анын парламентаризмди жана парламенттик маданиятты өнүктүрүүгө кошкон эбегейсиз салымын белгилешишти.

Өз сөзүндө Баш катчы Алтынбек Мамаюсупов түрк тилдүү өлкөлөрдүн арасындагы институционалдык кызматташтыкты өнүктүрүүсүнө Эл башынын аракетин белгиледи, жана ошондой эле 2006-жылы Эл башы Нурсултан Назарбаев тарабынан көтөрүлүп, андан соң Азербайжан, Казакстан, Кыргыз Республикасы жана Түркия парламенттеринин башчылары тарабынан 2008-жылы Стамбул шаарында кол коюлган Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясын түзүү демилгесин өзгөчө билдирди. Ушул контекстте Мамаюсупов мырза Эл башынын түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы интеграциялык процесстердин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзүүчү жалпы укуктук мейкиндикти түзүү максатында парламенттик ассамблея түзүү идеясынын автору катары көз-карашын белгиледи. Ошондой эле ал катышуучуларга Ассамблеянын акыркы жылдардагы иши жана COVID-19 пандемиясынын шартында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалымат берди.