Жогорку Кеңештин Төрагасы Баш катчыны кабыл алды
2020-жылы 24-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы (Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу) Талант Мамытов Баш катчы Алтынбек Мамаюсуповду кабыл алды.
Баш катчы Covid-19 пандемиясынын учурундагы Катчылыктын учурдагы жана келечектеги иш чаралары жөнүндө маалымдады. Мамаюсупов мырза Төрагага 2021-жылы 10-январда Казакстанда парламенттик шайлоо өтө турган жөнүндө маалымат берди.
Ошондой эле тараптар 2021-жылы 10-январда Кыргыз Республикасынын белгиленген президенттик шайлоосунда байкоо жүргүзүүгө ТҮРКПАнын байкоочулар миссиясынын катышуусу жөнүндө талкуулашты.