Saturday, 17 April 2021, 00:13:06 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Баш катчы Түрк Академиясынын Президенти менен жолугушту

2020-жылы 17-ноябрда Баш катчы Алтынбек Мамаюсупов Эл аралык Түрк Академиясынын Президентинин Баку шаарына иш сапарынын алкагында Дархан Кыдырали мырза менен жолугушууну өткөрдү.

Тараптар Covid-19 пандемиясынын шартындагы уюмдардын жүргүзүлгөн иш чаралары жөнүндө маалымдашты жана 2021-жылы түрк тилдүү мамлекеттердин улуттук эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган биргелешкен иш чараларды өткөрүү жөнүндө ой пикирлерин алмашышты. Мындан тышкары, Баш катчы жана Академиянын Президенти эки уюмдун өз ара аракеттенүү, айрыкча мүчө өлкөлөрдүн улуттук мыйзамдарын шайкеш келтирүү жана модель мыйзамдарын иштеп чыгуу жаатында эксперттик потенциалды топтоо маселесин талкуулашты.

Жолугушунун учурунда Кыдырали мырза ТҮРКПА китепканасына Түрк Академиясы чыгарган Карабахка арналаган китепти белек кылып сунуштады.