Friday, 29 May 2020, 14:39:35 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Анкарада Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиянын семинары болуп өттү

2020-жылдын 27-28-февраль күндөрү Анкарада Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын уюштуруусу менен «Кино жана анимация чөйрөсүндө (балдар жана жаш өспүрүмдөргө байланыштуу) мыйзамдарды жакындаштыруу жана анын укуктук негиздери» боюнча семинар болуп өттү.

Аталган иш-чара ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын алкагында уюштурулуп, ТУУЖдун 100 жылдыгына арналды. Семинарга мүчө-өлкөлөрдөн парламентарийлер, эксперттер, маданият министрликтери менен киностудиялардын ошондой эле ТҮРКСОЙдун өкүлдөрү катышты. Мындан сырткары ТҮРКПАнын комиссиясынын алкагында өткөн семинарга биринчи жолу Өзбекстандын делегациясы да күбө болду.

ТУУЖдун вице спикери Сүрейа Сади Билгич жыйын катышуучуларын куттуктап, сөз сүйлөдү. Иш-чаранын ачылышынан соң, семинар эки бөлүк менен уланып, ага ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын төрагасы Садык Шер-Нияз менен Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын төрагасы Исмет Учма төрагалык кылышты.

Семинардын жүрүшүндө эксперттер атайы баяндамалар менен чыгышып, мүчө-өлкөлөрдө кино жана анимация чөйрөсүнүн азыркы абалы жана укуктук базасы боюнча маалымат беришип, темага ылайык презентацияларды жасашты. Ошондой эле жыйын катышуучулары отурумда темага байланыштуу пикир алмашышып, "Кинематографиялык жана башка аудиовизуалдык чыгармаларды өндүрүү үчүн чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жөнүндө" жана "Кинематография жөнүндө" моделдик мыйзамдардын долбоорлорун талкуулашты.