Wednesday, 03 June 2020, 08:25:17 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Бакыда Ассамблея Кеңешинин жыйыны өттү

2019-жылдын 18-декабрында Бакыда Азербайжан Республикасынын Милли Меджилисинин уюштуруусу менен Ассамблея Кеңешинин тогузунчу жыйыны болду.

Кеңештин отурумуна Азербайжан Республикасынын Милли Меджилисинин Төрагасы Октай Асадов, Казакстан Республикасынын Парламент Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп жана ТҮРКПАнын Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов катышты.

Мустафа Шентоптун кириш сөзүнөн соң, ТҮРКПАдагы Төрагалыкты Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынан Азербайжан Республикасынын Милли Меджилисине расмий өткөрүп берүү иш-чарасы өттү. ТҮРКПАнын мөөнөттөгү Төрагасы Октай Асадов түрк кесиптешине түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө эбегейсиз салым кошконун белгилеп, Түркия тарапка ТҮРКПАга Төрагалык кылган мезгилдеги эмгектери үчүн ыраазычылык билдирди.

Ассамблея кеңеши 2020-жылга карата иш-чаралардын планын кабыл алды. Ошондой эле аталган отурум ТҮРКПАда Кара деңиз экономикалык кызматташтык Парламенттик Ассамблеясына (КЭКПА) байкоочу макамын берүү менен өзгөчөлөндү.