Wednesday, 03 June 2020, 05:56:51 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Укуктук жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиянын жыйыны өттү

2019-жылдын 18-декабрында ТҮРКПАнын тогузунчу пленардык жыйынынын алкагында Азербайжан Республикасынын Милли Меджилисинде ТҮРКПАнын укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын кезексиз жыйыны болуп өттү.

Отурум Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты, ТҮРКПАнын укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын Төрагасы Исмет Учманын Төрагалыгы астында өтүп, ага мүчө-өлкөлөрдүн парламентарийлери катышты.

Комиссия, эрежелердин жол жобосун Катчылыктын регламентин, ТҮРКПАнын шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча жобосун, “материалдык эмес маданий мурастарды коргоо” жана “туризм” боюнча эки моделдик мыйзамдын долбоорун талкуулады. Жыйын соңунда ТҮРКПАнын кайра кароодон өткөн укуктук нормативдик документтери комиссия тарабынан жактырылып, тогузунчу пленардык отурумдун кароосуна сунушталды.