Wednesday, 03 June 2020, 08:07:52 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Милли Меджилистин Төрагасы Башкы катчыны кабыл алды

2019-жылдын 16-декабрында Азербайжан Республикасынын (Парламентинин) Милли Меджилисинин Төрагасы Октай Асадов ТҮРКПА Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсуповду кабыл алды.

Тараптар 2019-жылдын 18-декабрында Бакыда боло турган ТҮРКПАнын алдыдагы тогузунчу пленардык жыйынына карата көрүлүп жаткан даярдыктар боюнча пикир алмашышты.

Тогузунчу пленардык жыйынга парламенттердин башчылары, парламенттик делегациялар, түрк кызматташтык институттары менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Бул ирээт ТҮРКПАга Төрагалык кылуу милдети Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынан Азербайжан Республикасынын Милли Меджилисине берилет.

Күн тартибине комиссия жыйындарынын соңку баяндамалары менен сунуштамалары, Казакстанда мөөнөтүнөн мурда өткөн Президенттик шайлоо боюнча эл аралык байкоочулар миссиясынын отчету, кайра кароодон өткөн укуктук документтер атап айтсак ТҮРКПАнын регламенти менен эрежелердин жол жобосу, ошону менен бирге шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча жобо жана бир катар моделдик мыйзамдардын долбоорлору киргизилет.