Wednesday, 03 June 2020, 07:22:17 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Кыргыз Парламентинин спикери Башкы катчыны кабыл алды

2019-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсуповду кабыл алды.

Жолугушуу жүрүшүндө Ассамблеянын алкагында мүчө-өлкөлөрдүн кызматташтыгы жана 2019-жылдын декабрь айында Бакыда өтө турган ТҮРКПАнын тогузунчу пленардык жыйынына көрүлүп жаткан даярдыктар боюнча пикир алмашышты.