Tuesday, 22 September 2020, 17:58:34 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПАнын мөөнөттөгү төрагасы Башкы катчыны кабыл алды

2019-жылдын 1-ноябрында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы жана Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) мөөнөттөгү төрагасы Мустафа Шентоп Башкы катчы Алтынбек Мамаюсуповду кабыл алды.

Тараптар Бакыда боло турган ТҮРКПАнын алдыдагы тогузунчу пленардык жыйынын өткөрүүдөгү даярдыктардын жүрүшүн талкуулоо менен бирге мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өркүндөтүү боюнча өз ара пикир алмашышты.