Tuesday, 18 February 2020, 22:12:22 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Бакыда Түрк Кеңешинин жетинчи саммити өттү

2019-жылдын 15-октябрында Бакыда «Чакан жана орто ишканалардын ишмердигин өркүндөтүү» деген теманын алкагында Түрк Кеңешинин жетинчи саммити болуп өттү. Аталган иш-чарага Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов дагы катышты.

Саммит Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев тарабынан уюштурулуп, ага Казакстан Республикасынын биринчи Президенти – Эл башы Нурсултан Назарбаев, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шафхат Мирзиёев, Түркмөнстан Республикасынын Премьер – министринин орун басары Пурли Агамырадов, Байкоочу катары Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан жана Түрк кызматташтык институттарынын башчылары катышышты.

Жетинчи саммиттин жүрүшү Түрк Кеңешин түзүү боюнча Нахчыван макулдашуусунун 10 жылдыгы жана уюмга Өзбекстандын толук кандуу мүчө катары кошулушу боюнча маанилүү чечимдер, Түрк Кеңешинин Будапешттеги Европа кеңсесинин ишмердигине байланыштуу кошумча документтерге кол коюу жана ошондой эле Нурсултан Назарбаевге Түрк Кеңешинин ардактуу төрагасы наамын ыйгаруу менен коштолду.

Мамлекет башчылары өткөн алтынчы самиттин алкагында Түрк Кеңеши тарабынан аткарылган иш-чаралар боюнча маалымат алышып жана мындан ары да Түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерди жана көп тараптуу кызматташтыкты жакшыртуу менен андан ары өнүктүрүү боюнча өз көз караштарын билдиришти.

Түрк Кеңешинин жетинчи саммити Бакы декларациясына мамлекет башчыларынын кол коюсу менен жыйынтыкталды.