Tuesday, 18 February 2020, 22:12:05 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Азербайжан жана Түркия парламент башчылары Түрк Академиясында болушту

2019-жылдын 23-сентябрында Нур-Султан шаарында өткөн Евразия парламент төрагаларынын 4-жолугушуусунун алкагында ТҮРКПАга мүчө Азербайжан парламентинин төрагасы Огтай Асадов менен ТҮРКПАнын мөөнөттөгү төрагасы, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Мустафа Шентоп баштаган парламенттик делегация Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов менен бирге Эл аралык Түрк Академиясынын иш кеңсесинде болушту.

Түрк Академиясынын президенти Дархан Кыдырали бийик даражалуу конокторго Түрк Академиясынын ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди. Иш сапар түркология тармагында сейрек кездешкен миңдеген китептерди өзүнө камтыган атайы музей менен китепканада уланды.

Ошону менен бирге парламент башчылары Нахчыван макулдашуусуна ылайык түзүлгөн, Түрк Кеңешинин уюшулгандыгынын 10 жылдыгына арналган Эл аралык Түрк Академиясынын атайы алтын медалы менен сыйланышты.