Tuesday, 18 February 2020, 23:59:24 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Башкы катчы ЕӨПТтүн 4-жыйынынын алкагында парламенттик уюмдар менен кызматташуу маселесин талкуулады

2019-жылдын 24-сентябрында Нур-Султанда өткөн Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын төртүнчү жыйынынын алкагында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов КМШ мүчө-өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык Ассамблея Кеңешинин (КМШ ПАА) Башкы катчысы Дмитрий Кобицкий менен жолугушту.

Тараптар эки уюумдун ортосундагы тыгыз кызматташтык маселелерин талкуулашты жана ошондой эле өз ара кызыкчылыкты пайда кылган маселелер боюнча пикир алмашышты.

***

Ушул эле күнү Нур-Султанда өткөн Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын төртүнчү жыйынынын алкагында Башкы катчы Алтынбек Мамаюсупов Азия Парламенттик Ассамблеясынын (АПА) Башкы катчысы Мохаммад Реза Маджиди менен жолугушту.

Тараптар пикир алмашуу менен келечектеги кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Белгилей кетсек ТҮРКПА 2017-жылдан бери АПАда байкоочу макамга ээ.

***

ТҮРКПА Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов Калкты жайгаштыруу жана Өнүктүрүү боюнча Азия Парламенттик Форумунун (КӨАПФ) Башкы катчысы Джетн Сиразранонт менен пикир алмашты.

Башкы катчылар эки тараптуу кызматташтыктын келечеги менен бирге өз ара кызыкчылыкты пайда кылган маселелерди талкуулашты. Белгилей кетсек аталган жолугушуу Нур-Султан шаарында Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын төртүнчү жыйынынын алкагында өттү.