Tuesday, 18 February 2020, 23:08:58 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Башкы катчы Өзбекстан парламентинин мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы менен жолугушту

2019-жылдын 24-сентябрында Нур-Султан шаарында өткөн Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин төртүнчү жыйынынын алкагында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов менен жолугушту.

Башкы катчы Ассамблеянын буга чейинки жана мындан кийинки ишмердүүлүгү, ТҮРКПА комиссияларынын алкагында өткөрүлүп жаткан жигердүү иш-чаралар боюнча кыскача маалымат берди. Өз кезегинде Алтынбек Мамаюсупов ТҮРКПА миссиясы мүчө-өлкөлөрдүн президенттик жана парламенттик шайлоолоруна дайыма байкоо жүргүзүп келе жатканын белгиледи. Ал ошондой эле Өзбекстан Республикасынын парламентинин ТҮРКПАнын ишмердигине толук кандуу катышуу үмүтүн билдирди.

Төрага Нурдинжон Исмоилов акыркы жылдары Түрк тилдүү өлкөлөрдүн арасындагы кызматташтык жакшы нукта экенин баса белгилеп, парламенттер ортосундагы мамилелердин өнүгүшүндө ТҮРКПАнын ролун жогору баалады.

Ошондой эле тараптар Түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыктын келечеги тууралуу да пикир алмашышты.