Tuesday, 22 October 2019, 00:02:01 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Анкарада ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын жыйыны болуп өттү

2019-жылдын 16-майында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) уюштуруусу менен Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын парламент депутаттары менен дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн катышуусунда Анкара шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын 7-жыйыны болуп өттү.

Комиссиянын отурумун Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары Азербайжан Республикасынын Милли Меджилисинин депутаты Севинч Гусейнова алып барды. Жыйында “БУУнун гендердик маселелер боюнча туруктуу өнүктүрүү максаттары, түрк тилдүү өлкөлөрдө бүгүнкү үй-бүлөлөрдүн баалуулуктарынын маданий жактан окшоштуктары (мыйзамдардын келечеги)” деген тема боюнча баяндама менен сунуштамалардын долбоору комиссия мүчөлөрү менен эксперттердин катышуусунда талкууланды.

Жыйында БУУнун гендердик маселелер боюнча туруктуу өнүктүрүү максаттарынын контекстине ылайык түрк тилдүү өлкөлөрдүн үй-бүлөлүк баалуулуктары жана маданий окшоштуктары менен бирге бул чөйрөдөгү улуттук мыйзамдардын келечеги боюнча маселелер көтөрүлүп, улуттук жана ар тараптуу мыйзамдарды шайкеш келтирүү сунуштары айтылды.

Ошондой эле ар бир коомдо күчтүү үй-бүлө негизги социалдык ядрону түзөөрүн белгилеген депутаттар ажырашуулар боюнча статистикага токтолуп, мындай терс көрүнүштөрдү алдын алуу үчүн билим берүүгө көңүл буруу менен айыл жерлеринде мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү керектигин баса белгилешти.

Жыйын соңунда комиссиянын баяндамасы менен сунуштамалары комиссия мүчөлөрү тарабынан жактырылып, 2019-жылдын күзүндө Азербайжан Республикасында өтө турган ТҮРКПАнын 9-пленардык жыйынына сунушталды.