Saturday, 24 August 2019, 21:56:25 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА Ош-түрк дүйнөсүнүн маданий борбору 2019 аземинин ачылышына катышты

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысынын орун басары Наурыз Айдаров 2019-жылдын 20-апрелинде Ош шаарында «Ош-түрк дүйнөсүнүн маданий борбору 2019» аземинин ачылышына катышты. Ачылыш аземине министрлер, парламентарийлер, мүчө өлкөлөрдүн дипломатиялык миссияларынын өкүлдөрү, эл аралык уюумдардын жана түрк дүйнөсүнүн ар тарабынан келген коноктор катышты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков салтанаттуу иш-чараны ачып жатып, ТҮРКСОЙдун чечим менен түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары Ош Байыркы шаар деп жарыяланышы Кыргыз эли үчүн абдан маанилүү экенин баса белгилеп, маданияттын башкы милдети руханий баалуулуктарды, гуманизм идеяларын, тынчтык менен биримдикти, маданий көп түрдүүлүктү жана толеранттуулукту сактап калуу экенин бул ыйык милдетти Байыркы Ош, касиеттүү ыйык шаар аркалап жатканын белгиледи.

Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин салтанат улантылып, 12 өлкөдөн келген 250дөн ашык өнөр адамдарынын ыр-бийлери тартууланып, түстүү салют менен жыйынтыкталды.