Saturday, 24 August 2019, 22:00:40 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Башкы катчы Казакстандын Парламент Сенатынын төрайымы менен жолугушту

2019-жылдын 19-апрелинде Санкт-Петербургда өткөн КМШ Парламенттеринин Ассамблеясынын 49-пленардык жыйынынын алкагында ТҮРКПАнын Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов Казакстан Республикасынын Парламент Сенатынын жаңы шайланган төрайымы Дарига Назарбаева менен жолугушту.

Башкы катчы А.Мамаюсупов Д.Назарбаеваны Сенаттын төрагалык кызматына шайланышы менен куттуктап, ТҮРКПАнын учурдагы жана келечектеги ишмердүүлүгү боюнча кыскача маалымат берди. Ошондой эле ТҮРКПАнын комиссияларынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштерди маалымдоо менен Башкы катчы Ассамблеянын иш-чараларына Казакстандык парламентарийлер активдүү катышып жатканын баса белгиледи.

Парламенттер аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилөө менен Дарига Назарбаева ТҮРКПАнын төрт мүчө өлкө ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөдөгү маанилүү ролун баса белгиледи. Ошону менен бирге төрайым түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтыгынын динамикасын оң баалоо менен ТҮРКПАнын ишмердүүлүгүн ар тараптан колдоого даяр экендигин билдирди.

Жолугушууда тараптар ТҮРКПАнын алдыдагы 9-пленардык жыйынына даярдыктар боюнча жана мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү тууралуу пикир алышты.