Tuesday, 22 October 2019, 00:41:38 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Милли Меджилисте экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын жетинчи жыйыны болду

2019-жылдын 8-апрелинде Азербайжан Республикасынын (Парламентинин) Милли Меджилисинин уюштуруусу менен Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын парламент депуаттарынын катышусунда Бакы шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын 7-жыйыны болуп өттү.

Комиссиянын отурумуна ТҮРКПАнын экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары Жогорку Кеңештин депутаты Салайдин Айдаров төрагалык кылды. Жыйында «Жалпы технологиялардын өнүгүшү: ТҮРКПА өлкөлөрүнүн илим жана ишкерлер чөйрөсүнүн ортосундагы көп тараптуу кызматташтык» деген тема боюнча баяндама менен сунуштамалардын долбоору комиссия мүчөлөрү менен эксперттердин катышуусунда талкууланды.

Аталган отурумда мүчө-өлкөлөрдө жаңы технологиялар чөйрөсүндөгү мыйзамдык базаны өркүндөтүү маанилүү экени белгиленди. Ошону менен бирге жыйындын катышуучулары мүчө-өлкөлөрдүн инновация менен алектенген институттарынын арсында кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү зарылдыгын, бул жаатта жаш ишкерлерге жагымдуу шарт түзүп берүү керектигин жана илим-изилдөө институттарынын кызматкерлеринин квалификацияларын жогорулатуу өндүрүшкө жаңы технологияларды киргизүү боюнча пикир алмашышты.

Жыйын соңунда комиссиянын баяндамасы менен сунуштамалары комиссия мүчөлөрү тарабынан жактырылып, 2019-жылдын сентябрь айында Азербайжан Республикасында өтө турган ТҮРКПАнын 9-пленардык жыйынына сунушталды. Ошондой эле аталган комиссия жыйнынын алкагында ТҮРКПАнын 10 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө уюштурулду.