Tuesday, 22 October 2019, 00:37:33 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Анкарада токойлорду коргоо жана айлана-чөйрөдөгү жаратылышты пайдалануу боюнча семинар өттү

2019-жылдын 23-24-январь күндөрүндө ТҮРКПА Анкара шаарында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) колдоосу астында токойлорду коргоо жана айлана-чөйрөдөгү жаратылышты пайдалануу боюнча семинар уюштурулду. ТҮРКПАнын Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссиясынын алкагында уюштурулган семинардын негизги максаты токойлорду башкаруу жана жаратылыш ресурстарын туура пайдалануу боюнча ТҮРКПАга мүчө-өлкөлөрдүн тажырыйбаларын эске алуу менен аталган комиссиянын күн тартибиндеги маселеге салым кошуу болуп саналат.

Иш-чарага ТҮРКПАга мүчө-өлкөлөрдүн парламентчилери менен эксперттери, ошондой эле Түркиянын Токойлорду башкаруу, жаратылышты жана улуттук парктарды коргоо, ошондой эле тоокен иштери жана мунай маселелери боюнча башкы башкармалыгы сыяктуу Түркиянын тиешелүү ведомстволорунун өкүлдөрү катышты.

Семинардын иши эки сессиядан туруп, ага ТҮРКПАнын Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссиясынын төрагасы, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Ахлиман Амирасланов менен аталган комиссия төрагасынын орун басары, ТУУЖ мүчөсү Режеп Шекер модераторлук кылышты.

Семинардын ачылышында ТҮРКПА Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов, ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык кызматташуу боюнча комиссиясынын төрагасы, ТУУЖ мүчөсү Исмет Учма, ТУУЖдун Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин төрагасы Мухаммет Балта, ТУУЖ төрагасынын орун басары Мустафа Шентоп сөз сүйлөштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө ТҮРКПАга мүчө-өлкөлөрдөн келген эксперттер жана Түркиянын тармактык мекемелеринин эксперттери баяндамалары менен чыгып, токойлорду коргоо жана айлана-чөйрөдөгү жаратылышыты пайдалануу боюнча кырдаал, мыйзамдуулук боюнча маалымат беришти. Бул боюнча кызуу талкуу жүрдү.

Соӊунда семинардын жыйынтыктоочу документи катары корутунду отчет кабыл алынды. Ал ТҮРКПАнын Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссиясынын Бишкекте өтө турган бешинчи жыйынына сунушталмакчы. ТҮРКПАга мүчө-өлкөлөр айлана-чөйрөдөгү токой жана жаратылыш ресурстарын туура пайдаланууга маани берүү менен корутунду отчетто бул багыттагы негизги саясат менен мыйзамдуулукту өркүндөтүү, институционалдык түзүмдөрдү жана токой чарбаларынын потенциалын жана жаратылыш ресурстарын туруктуу колдонууну бекемдөө, жаратылышы ресурстарын туруктуу башкарууга кызыкдар тараптардын катышуусун жана коомчулукту кабардар кылууну жогорулатуу, ошондой эле ТҮРКПАга мүчө-өлкөлөрдө токой жана жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу боюнча жумушчу жыйындарды, семинарларды, форумдар менен башка иш-чараларды өткөрүү зарылчылыгын баса белгилешти.

Мындан сырткары, семинардын катышуучулары талкууланган темага айкалыштырып, Түркиянын Кендерди чалгындоо жана изилдөө иштери менен алектенген табият таануу музейин, Түркиянын үрөнчүлүк боюнча генетикалык банкын, Муздак-Суу улуттук паркын, Казан тоокен заводуна жана заводдогу “Трона” кен казуу жана кайра иштетүү ишканасын кыдырып көрүштү.