Wednesday, 16 October 2019, 18:30:17 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА делегациясы Миграция жаатындагы глобалдуу келишим боюнча парламенттик жолугушуу иш-чарасына катышты

2018-жылдын 6-7-декабрь күндөрүндө ТҮРКПА делегациясы Рабат шаарында (Марокко) өткөн Коопсуздук, тартипке салынган жана ыраатташтырылган миграция тууралуу глобалдуу келишимди кабыл алуу боюнча парламенттик жолугушуу иш-чарасына катышты.

Аталган Парламенттик жолугушуу Парламенттер аралык бирлик жана Марокко Каролдугунун Парламенти тарабынан уюштурулган. Иш-чаранын ачылышында Өкүлчүлүк палатасынын төрагасы Хабиб Эль-Малики, Кеңеш Палатасынын төрагасы Хаким Бенчамах жана Парламенттер аралык бирликтин төрайымы Габриэла Куевас сөз сүйлөштү. Андан соң жолугушуу миграцияга байланыштуу ар кандай темадагы сессиялар жана жыйындар форматында уланды.

Бул иш-чара парламентчилерге Коопсуздук, тартипке салынган жана ыраатташтырылган миграция тууралуу глобалдуу келишим менен таанышууга чоң мүмкүнчүлүк болуп берди. Аталган келишим 2018-жылдын 10-11-декабрь күндөрүндө Марракеште Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 72-сессиясынын соңунда тиешелүү резолюция менен кабыл алынат. Бул документте парламенттердин милдеттемелердин аткарышы үчүн конкреттүү аракеттер менен инструменттер камтылган. Ошондой эле бул жыйын миграция жөнүндө глобалдык келишимди жүзөгө ашыруу боюнча эл аралык коомчулукту күчтөндүрүүгө өз салымын кошту.

Парламенттик жолугушууларда ТҮРКПА делегациясынын башында Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын мүчөсү Мустафа Жанбей турду. Делегация курамында ТҮРКПА Башкы катчысынын орун басары Наурыз Айдаров, ТҮРКПАнын Айлана-чөйрө жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссиясынын катчысы Эмин Гасанов катышты.

Иш-чарада Мустафа Жанбей Глабалдык жана аймактык көйгөйлөр боюнча топтор жана алардын иш-аракеттеринин алкагында сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө Мустафа Жанбей ТҮРКПА

тууралуу учкай маалымат берип, ТҮРКПАнын миграция маселелери боюнча жыйындарга катышуу максаты жана бул уюмдун регионалдык кызматташуулардагы ролу тууралуу маалымат берди. Ал миграциянын таасири менен болгон кризистерге жана трагедияларга бекем транс чек аралык өнөктөштүктү жана аймактык кызматташуу механизмин түзүү зарылдыгын баса белгиледи. Бул жаатта регионалдык институттар маанилүү ролду ойнойт жана эл аралык күч-аракеттерге да өз салымын кошот.

Парламенттик жолугушуулардын жүрүшүндө ТҮРКПА делегациясы Казакстан жана Түркия делегациялары менен бейрасмий жолугушууларды өткөрдү.

Парламенттик жолугушуулардын натыйжасында дүйнө жүзүндөгү парламенттер Коопсуздук, тартипке салынган жана ыраатташтырылган миграция тууралуу глобалдуу келишимди ишке ашыруу үчүн өздөрүнүн ыйгарым укуктарын толук көлөмдө колдонуусуна милдеттеме алган жыйынтык документ кабыл алынды.