Thursday, 22 August 2019, 03:26:45 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА Катчылыгынын дипломатиялык курамы Жожуг Маржанлыда болушту

2018-жылдын 27-ноябрында курамына ТҮРКПАнын Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов, Башкы катчынын орун басарлары Фуад Алакбаров, Наурыз Айдаров, Али Йылдыз жана ТҮРКПА комиссиясынын катчысы Эмин Гасанов жана Канат Курманбеков кирген ТҮРКПАнын дипломатиялык кызматкерлери Жабраил районундагы Жожуг Маржанлы айылында болушту.

ТҮРКПА Катчылыгынын кызматкерлери Жабраил районунун аткаруу бийлигинин башчысы Камал Гасанов менен жолугушту. К.Гасанов меймандарга Жожуг Маржанлынын тарыхы тууралуу айтып, аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берди. Башкы катчы А.Мамаюсупов өз кезегинде Азербайжан Өкмөтү тарабынан аталган айылга жасаган иштерин жогору баалап, ТҮРКПАга мүчө-өлкөлөрдүн Азербайжан Республикасынын аймактык бүтүндүгүнө бирдиктүү көз карашын белгиледи. Мындай позиция ТҮРКПАнын кабыл алынган декларацияларында дагы чагылдырылган.

ТҮРКПА Катчылыгынын сапарынын программасында айылды кыдыруу, жергиликтүү эл менен жолугушуу, орто мектеп жана белгилүү Шуша мечитин эске салган Жожуг Маржанлы мечитине баруу камтылган.

Жожуг Маржанлыны калыбына келтирүүнүн биринчи фазасы Президент Ильхам Алиевдин тескемеси 2017-жылдын январь айында башталган. Биринчи фазанын алкагында Жожуг Маржанлыда 50 турак үй, мектеп, мечит, электр подстанциялары, гидрометеорологиялык станция, шоссе жана башка инфратүзүмдүн тиешелүү обьектилери салынган. Ошондой эле газ, электр кубаты жана суу менен камсыздалган.

2017-жылдын 15-июнунда Президент Ильхам Алиев Жожуг Маржанлы айылындагы калыбына келтирүү иштерин улантуу боюнча чаралар жөнүндө тескемеге кол койгон. Бул иштердин экинчи этабында Президенттин жарлыгы жеке турак жайлардын санын көбөйтүүгө жана айылдын ифратүзүмүн жакшыртууга багытталган.