Wednesday, 16 October 2019, 18:22:38 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Нахчыванда Түрк Кеңешинин жаш лидерлеринин биринчи форуму болуп өттү

2018-жылдын 26-ноябрында Нахчыванда Түрк Кеңешинин жаш лидерлеринин биринчи форуму болуп өттү. Форумдун катышуучулары Азербайжандын жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин эстелигине барып, гүл коюшту.

Форумдун ачылышында Нахчыван Автономдуу Республикасынын Жогорку Жыйынынын төрагасы Васиф Талибов баяндама жасады.

Мындан сырткары, иш-чаранын жүрүшүндө Азербайжан Жаштар жана спорт министри Азад Рагимов, Түрк Кеңешинин Башкы катчысынын орун басары Өмер Кожаман, Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Гүнай Эфендиева чыгып сөз сүйлөштү. Иш-чарада ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары Али Йылдыз баяндама менен чыкты.

Али Йылдыз өз сөзүндө ар түрдүү жаатта иш жүргүзгөн түрк институттары биздин элдердин мындан ары дагы жакындашуусу жана кызматташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө көмөктөшөөрүн баса белгиледи. Ошондой эле бул жаатта ТҮРКПАнын маанилүү ролуна токтолуп, уюмга мүчө-өлкөлөрдүн жаштарынын арасындагы мамилени бекемдөөгө ТҮРКПА өзгөчө көңүл бурарын кошумчалады. Жаштар ар бир улуттун келечектеги лидерлери экендигине, жаштардын ар кандай темадагы дискуссияларынын маанилүү болооруна токтолгон Али Йылдыз бул форум жаштардын мамилелерин бекемдөөгө чоң салым кошооруна толук ишенерин айтты.

Иш-чара Нахчыван мамлекеттик филармониясынын Камералык оркестринин концерти менен коштолду.