Wednesday, 19 January 2022, 17:08:22 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Башкы Катчы бир катар жолугушууларды өткөрдү

2018-жылдын 5-8-ноябрь күндөрү Башкы Катчы Алтынбек Мамаюсупов Азербайжан Республикасынын Милли Меджилисинин Төрагасы Октай Асадов, Казакстан Республикасынын Парламент Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Джумабеков, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Биналы Йылдырым жана ошондой эле эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдыралы менен жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Башкы Катчы 2018-жылдын 20-21-ноябрында Измирде өтө турган сегизинчи пленардык жыйындын күн тартибиндеги негизги маселелерди талкуулады.

Учурдагы ТҮРКПАга Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы
Алдыдагы иш чаралар