Tuesday, 31 March 2020, 20:40:27 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Трабзондо ТҮРКСОЙдун иш-чарасы өттү

2018-жылдын 10-октябрында ТҮРКСОЙдун 25 жылдык мааракесинин алкагында Түркиянын Трабзон шаарында ТҮРКСОЙдун чатыр алдындагы көргөзмөсү уюштурулду.

Аталган иш-чара Трабзон шаарынын жергиликтүү бийлигинин колдоосу менен өткөрүлүп, ага Трабзондун губернатору Үжел Явуз, ТҮРКСОЙдун Башкы Катчысы Дүсен Касеинов, Трабзондун мэри Орхан Февзи Гүмрүкоглу, Түркиянын расмий бийлигинен өкүлдөр жана Түрк тилдүү өлкөлөрдөн өкмөттүк эмес уюумдар менен бийик даражалуу өкүлдөр катышышты.

Салтанаттуу иш-чара ТҮРКСОЙдун 25 жылдык мааракесине байланышкан талкуу менен коштолуп, ага ТҮРКПАнын Башкы Катчысынын орун басары Наурыз Айдаров катышып сөз сүйлөдү.