Tuesday, 31 March 2020, 23:25:03 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Евразия өлкөлөрүнүн Парламент Төрагаларынын жолугушуусу өттү

2018-жылдын 8-9-октябрында Анталия шаарында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) уюштуруусу менен Евразия өлөлөрүнүн Парламент Төрагаларынын 3-жыйыны болуп өттү.

Аталган жыйынга 39 өлкөдөн парламенттик делегациялар жана эл аралык уюумдардын өкүлдөрү катышышты. Отурумдун негизги темасы «Экономикалык кызматташтык, айлана чөйрө жана Евразияны туруктуу өнүктүрүү» деп аталды.

Түркиянын Парламент Төрагасы Бинали Йылдырым өз сөзүндө курчап турган чөйрөнүн булганышы, климаттын өзгөрүшү, согуш, жакырчылык, террорчулук, табигый кырсыктар жана тамак-аш коопсуздугу сыяктуу глобалдуу көйгөйлөрдү чечүүдө Евразия Парламенттеринин кызматташтыгы чоң мааниге ээ экенин баса белгиледи. Ошону менен бирге ал террорчулука каршы биргеликте аракет көрүү менен аймактардагы чыр-чатактарды жөнгө салууда активдүү кызматташууга чакырды.

Аталган отурум делегация башчыларынын сөздөрү менен улантылды. Жолугушуунун катышуучулары консенсустун негизинде атайы билдирүү кабыл алышты. Кабыл алынган документке ылайык Евразия Парламенттеринин Төрагаларынын кийинки жолугушуусу 2019-жылы Казакстанда өтөт.

Жыйынга ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн Парламент Төрагалары Октай Асадов Азербайжан Республикасынын Милли Межилисинин Төрагасы, Нурлан Нигматулин Казакстан Республикасынын Парламент Мажилисинин Төрагасы, Дастанбек Жумабеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы жана ТҮРКПАнын Башкы Катчысы Алтынбек Мамаюсупов катышты. ТҮРКПА 2018-жылыөзүнүн 10 жылдыгын белгилей турганын билдирген Башкы Катчы Ассамблеянын учурдагы жана келечектеги ишмердиги боюнча маалымат берди.