Tuesday, 31 March 2020, 21:10:25 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПАнын Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясы өзүнүн 6-жыйынын өткөрдү

Түркиянын Улуу Улуттук жыйыны тарабынан уюштурулган ТҮРКПАнын Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын 6-жыйыны 2018-жылдын 27-28-сентябрында Азербайжан Казакстан жана Түркиянын парламентчилеринин катышуусунда Анкара шаарында (Түркия) өттү. Жыйында “ТҮРКПА мүчө өлкөлөрүндө инновациялык ишкердиктин келечеги” деген темада талкуу жүрдү.

6-жыйын Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын төрагасы, Казакстан Республикасынын Парламент Мажлисинин депутаты Берик Оспановдун жетекчилиги астында өттү. Комиссия төрагасы Б.Оспановөз сөзүндө ТҮРКПА өлкөлөрүндөгү чакан жана орто бизнестин (ЧОБ) инновациялык технологиялар жаатындагы артыкчылыктарын ишке ашыруунун натыйжасында парламенттик жана ошондой эле ТҮРКПАнын парламенттер аралык аянтчасында ар бир мүчө-мамлекеттин экономика, салык салуу, илим жана билим тармактарындагы ченемдик-мыйзамдык базасын сунуштарды иштеп чыгуу аркылуу жакындаштыруу керектигин баса белгиледи.

Жыйындын соңунда баяндама менен сунуштаманын жыйынтыктары комиссия мүчөлөрү тарабынан жактырылды. Бул документтер 2018-жылдын ноябрь айында Түркияда өтө турган ТҮРКПАнын 8-пленардык жыйынына сунушталмакчы.

Ушул эле жыйындын алкагында инновациялык ыкма менен иш алып барган Түркиялык ишканалардын тиешелүү эксперттеринин катышуусунда атайы семинар дагы уюштурулду.